28-ноябрда боло турган Парламенттик шайлоо — партиялык тизме жана бир мандаттуу система менен өткөндүктөн, шайлоо округдары кайра каралып чыкты. БШК 11-сентябр күнү жарыялаган маалыматка ылайык, калктын санына жараша 36 шайлоо округу тузүлдү.
«Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20% шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлдү. Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:
- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
- ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат» -деп жазылат расмий маалыматта.
Жогорку эки критерий бири-бирине карама каршы келип калган соң, БШКнын маалымат кызматына кайрылып, расмий жооп берүүсүн сурадык. Кызыгы, 2 күн алдын жарыяланган округдардын бөлүнүшү боюнча маалымат сайттан да өчүп калган.
Салыштырмалуу калкынын саны көп Кара-Кулжа районун Алайга кошуп койгону таң калтырбай койбойт. 87 691 жарандын жарымы Алай районундагы округтарга, жарымы Өзгөн районуна кошулуп калган. Бул дегени, Кара-Кулжанын эли экиге бөлүнүп, өз аймагынан бир мандаттуу депутат шайлайт албай калат дегенге алып барат.
Кара-Кулжа районунун активдери БШКнын бул чечими одоно оркоюп чыгып калган ката экендигин баса белгилеп, кайра каралышын талап кылышуда.
Облус | Шайлоочулардын саны | Округдардын саны |
Бишкек шаары | 428 599 | 4 |
Ош шаары, Ош облусу | 898 569 | 9 |
Баткен | 305 053 | 3 |
Жалал-Абад | 686 364 | 7 |
Талас | 163 109 | 2 |
Чүй | 609 774 | 6 |
Нарын | 209 101 | 2 |
Ысык-Көл | 316 572 | 3 |
Баардыгы: | 3617141 | 36 |