Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, анын айтымында, жарандардын аймактан аймакка көчүүсү жүрүп жаткандыктан канча бала 1-класска бара турганы тууралуу азырынча так маалымат жок.
“15-20-сентябрь аралыгында так айта алабыз. Ал эми мектептерге электрондук түрдө кезекке туруучу боюнча айтсам, Бишкекте 16 миң 863 окуучу, Ош шаарында 2 миң 431, Караколдл 1 миң 975, Нарын шаарында 1 миң 157, Жалал-Абад шаарында 2 миң 862, Талас шаарында 1миң 15, Карасуу шаарында 865, Кара-Балта шаарында 1миң 172, Токмок 1 миң 831 бала катталды”,- дейт ал.
Жусупбекова окуу жылы башталганда бир дагы окуучу көчөдө калбай турганын белгиледи.