7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК Дамира Ниязалиева боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнөн кийин чечим чыгарат

478

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча түшкөн маалыматтарды кароону улантууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аудио жазууда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял У.Р. аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатат.

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын карайт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. Дамира Ниязалиева 6 миң 242 добуш алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479