7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада 2-3-июнда эл аралык саммит өтөт

541

2-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат. Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

542