7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШКнын төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды

711

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрайымы болуп кайрадан Нуржан ландышайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-июлда КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Анар Дубанбаева ачты.

БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Нуржан Шайлдабекова 11 добуш менен КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы болуп шайланды.

“КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык биринчи жыйналышта төраганы жана анын орун басарларын шайлоо маселеси чечилет.

Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басарлыгына шайланышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712