7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Афганистандын тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алды

663

Кыргызстан жана Афганистан тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-июлунда Европа Биримдиги-Борбордук Азия-Афганистан саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынынын алкагында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Афганистандын тышкы иштер министринин орун басары Мирвайс Наб менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, диний экстремизмге, эл аралык терроризмге жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташуу, ошондой эле эки тараптык кызматташтыктын Биргелешкен планын кабыл алуу зарылдыгы тууралуу талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев аймакта коопсуздукту камсыздоодо Афганистандын чек аралык райондорунда туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын афган аралык элдешүү процессин илгерилетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Н.Ниязалиев афган тараптын этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча, Афганистандын Кичи Памиринде жол куруу боюнча көргөн чаралары үчүн кесиптешине жана ал аркылуу Афганистан өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип, кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүдө КР өкмөтүнө мындан ары жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-афган эки тараптуу мамилелерин чыңдоо үчүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664