Бүгүн 3-июль, Бишкектеги жана шаар четиндеги 11 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 311 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бош орундар:
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 1;
- № 2 клиникалык төрөт үйү — 34;
- № 1 клиникалык оорукана — 1;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 3;
- Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 12;
- Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 6;
- Улуттук госпиталдын урология корпусу — 3;
- Республикалык наркология борбору — 10;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 58;
- Улуттук госпиталдын терапия бөлүмү — 7;
- Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 176.