7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бул ирет «Клооп Медиа» шайлоого байкоочу боло албайт. БШК тыюу салды

572

Борбордук шайлоо коммисиясы «Клооп Медиа» коомдук фондуна 28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоону байкоого уруксат берген жок. Аталган чечимди БШК 2021-жылдын 5-ноябрында кабыл алган. Бул тууралуу фонддун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, БШК чыгарган чечим Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга таянуу менен чыгарылганы жазылган.

Анда шайлоонун жүрүшүн байкоого, уставында бул тууралуу көрсөтүлгөн гана уюмдардын укуктары бар экени айтылган.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылуу үчүн «Клооп» өлкө боюнча 1 миң 500 байкоочу жалдоону мерчемдеп жатат. Бирок БШКнын чечими, эми «Клооптун» байкоочулары шайлоо участкасында эртеден кечке боло албайт дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле, байкоочулар УШК мүчөлөрү бюллетень санаганда жана протокол түзгөндө көзөмөл жүргүзө албайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573