27-июндан, 28-июнга караган бир сутка ичинде дагы 1 092 кишиден вирус аныкталып, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
- Бишкек шаарында — 602,
- Ош шаары — 60,
- Чүй облусу — 177,
- Ош облусу — 47,
- Талас облусу — 15,
- Нарын облусу — 12,
- Ысык-Көл облусу — 26,
- Жалал-Абад облусу — 83,
- Баткен облусу — 70 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен каза болгондор Бишкек шаарында -4, Чүй облусунда -3, Жалал-Абад — 1, Талас — 1, Ысык-Көл -1.
2020-жылдын март айынан бери 123 миң 38 киши вируска чалдыгып, 1 миң 992 бейтап көз жумду.