7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо 33 кгдан ашуун баңгизатын даярдап жаткандар кармалды

495

Тогуз-Тородо 33 кгдан ашуун баңгизатын даярдап жаткандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнь күнү Тогуз-Торо районунун аймагында ГАЗ 3110 үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз жарандар барышып, баңгизатын даярдап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган окуя боюнча Нарын шаарынын тургундары 1986-ж.т. Э.Р., 1990-ж.т., О.Р., 1991-ж.т. А.Б., жана 1992-ж.т. А.Д. кармалып, алардын жанынан 5 даана ооздору байланган каптын ичинде өзгөчө кескин жыты бар жашыл-күрөң түстөгү заттар алынган.

Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жалпысынан 33 кг 369 грамм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Ошол эле күнү Тогуз-Торо РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кармалган жарандар жазык-процесстик кодексинин 98-99-беренелеринин негизинде, 48 саатка Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тогуз-Торо райондук сотунун 25-июндагы токтомунун негизинде Э.Р. жана А.Б. 2 айлык мөөнөткө үй камагына бошотулуп, О.Р. жана А.Д. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайда калтырылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

496