Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун «Дусти» аянтына орнотулган.
Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.
Кечэ, 28-июнь Тажикстанга расмий иш сапары менен барган Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен алгачкы жолугушуусу бейрасмий форматта өттү. Тажик бийлигинин маалымат кызмат, жолугушуу шаар сыртындагы «Бахор» резиденциясында өткөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram