7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бул жеңиш ынтымак менен келди” Акжол кыргыз элине ыраазычылык билдирди

1142

Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

«Алыста болсоңуздар дагы биз менен болуп, биз үчүн тынчсызданганыңыздарды билем. Мен машыктыруучуларыма жана командага дагы ыраазычылыгымды билдирем, бул жыйынтык ынтымактын аркасы менен жетишилди, бул биздин жалпы жеңишибиз. Мен колумдан келгендин баарын кылдым жана мага көз каранды болгон нерсенин барын жасадым. Дагы бир жолу рахмат, менин ынтымактуу элим», — деп жазган ал.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовдун 77 килограммга чейинки салмак ченинде Токио Олимпиадасында күмүш медаль тагынды. Ал венгриялык Тамаш Леринецтен  1: 2 эсебинде утулуп калган. Буга чейин Тунис (11: 0), Азербайжан (9: 1) жана Армения (6: 2) спортчуларын жеңип, финалга жолдомо алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1143