2-август таңга маал Кемин районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлайт.
Кемин РИИБине 3-август төрөт үйүнөн өспүрүм кыз төрөгөндүгү боюнча билдирүү келип түшкөн. Алгачкы иликтөөлөрдүн натыйжасында наристенин апасы Кемин районунун тургуну 2006-жылы төрөлгөн К.А. экендиги такталган.
Маалыматка ылайык, аталган кыздын ата-энеси Россияда ажырашы кетип, азыркы кайын журтунун үйүндө жашаган. Ал жерде 2001-жылы төрөлгөн А. Ж. менен таанышып, 2020-жылы мусулманчылык жолу менен нике окутушкан жана алар Россияда жашап жүрүшкөн.
Наристенин энеси ай күнүнө жетип каганда, Кыргызстанга төрөө үчүң келип, жолдошунун туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. 2-август 15 жаштагы өспүрүм кыз эркек бала төрөгөн.
Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө уланууда.