УКМК “Бурана Гранд” ишканасынын директорун кармады. Ага 30-ноябрда «кылмышка кошо катышуу» беренесинин негизинде айып тагылып, 4-январга чейин камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Маалыматка караганда, шектүү И.У.И. жана анын шериги “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын директору айыпталуучу Ч.А. Көлбаевдин ишкерлерден опузалап акча чогултканын билип туруп, анын менен сүйлөшүп, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга аракет кылган, бул кылмыштуу акчаны кыймылсыз мүлккө колдонушканы аныкталды.
Аталган эки жетекчи Көлбаевдин жакын адамы А.Боотаев менен сүйлөшүүгө барып, 2022-жылы сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы 4 га жер тилкесин “Бурана-Гранд” ишканасынан “Каганат Резорт” ишканасына формалдуу сатуу келишимин түзүшкөн.
«Келишимге ылайык, ал жер тилкесине курулган пансионатты иштеткенден кийинки пайда төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү керек болчу: И.У.И. менен Ч.А. – 22%, Көлбаевге – 40% жана А.Боотаевге – 38%. Ошол эле учурда И.У.И. менен Ч.А. Көлбаев менен жолугушуп, 1,5 миллион АКШ долларынан ашык киреше алууну пландашкан», — деп берилет билдирүүдө.
УКМКнын маалыматында Көлбаев «Бурана гранд» Бишкек шаарынын түштүк тарабында курган “Парк Авеню” турак жай комплексинин курулушун инвестициялаганы, мындан тышкары, компания учурда борбор калаадагы цирктин тегерегиндеги 36 сотых жерге “Бурана Палес” турак жай комплексин куруп жатканы айтылган. Шектүү И.У.И. Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы 33,85 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер аянтына, Бишкек шаарында 204 м2 аянттагы кымбат батирге ээлик кылары белгиленген.
Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.