7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бычак менен коркутуп, телефондорун алып кеткен». Таласта каракчылыкка шектүү кармалды

756

Таласта тургундардын үйүнө кирип, каракчылык жол менен телефондорун тартып алган 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-март күнү Талас районунун Калба айыл өкмөтүнө караштуу таштанды таштоочу жерде иштешип, жашаган 2 жаран милицияга кайрылышкан. Анда, таңга маал болжол менен жашы 35-40 жаштагы адам уктап жаткан бөлмөнүн терезеси аркылуу кирип, колундагы бычагы менен коркутуп К.Дга жана С. Ага таандык уюлдук телефондорун алып кеткендигин билдирген.

Аталган факты РИИБдин маалыматты эсепке алуу журналына  катталып, Кылмыш жаза кодексинин 207 (каракчылык) берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү Талас облусунун Манас районунун Көк-Дөбө айылынын 41 жаштагы Д. Р. аттуу жаран экендиги жана кылмышка барган учурда  мас абалда болгондугу аныкталган.

Шектүү кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757