7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл «акылдуу» эсептегичтер рекорддук санда орнотулду

398

Быйыл өлкөдө «акылдуу» эсептегичтер рекорддук санда орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башында «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААК тарабынан жалпы 500 миң «акылдуу» эсептегич орнотуу пландалып, бүгүнкү күндө план толугу менен аткарылып бүттү.

Анын ичинен:

  • Бишкек шаарына – 28605 даана;
  • Чүй облусуна – 114884 даана;
  • Талас облусуна – 36900 даана;
  • Ош облусуна – 108907 даана;
  • Баткен облусуна – 45912 даана;
  • Жалал-Абад облусуна – 82903 даана;
  • Ысык-Көл облусуна – 47929 даана;
  • Нарын облусуна — 33960 даана.

«Акылдуу» эсептегичтерди орнотуунун негизги максаты керектөөчүлөргө электр энергиясын туура бөлүштүрүү, бөлүнгөн электр энергиясын контролдоо, аралыктан тейлөө жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

399