25-майда салттуу режимде салтанаттуу иш-чара өткөрүүгө мектептерге уруксат берилбейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев билдирди.
«Быйыл 25-майдагы салттуу ишчара өтпөйт, бирок былтыркыдай онлайн иш-чаралар болот. Башкача айтканда, ар бир район, шаарлар 15 мүнөттүк майрамдык программа (куттуктоолор, ыр-бий ж.б.) даярдап, видеого тартып, бизге жөнөтөт. Бул программалар 25-майда Илим-билим каналынан көрсөтүлөт» -деди Тоялиев.
Быйыл өлкө боюнча 11-классты 61 546 бүтүрүүчү, 9- классты 103 400 окуучу аяктап жатат.