Бүгүн, 11-май Нарын шаарында, БШКнын аймактак шайлоо комисиясы 11-апрелдеги шайлоодо 7% босогодон өткөн 7 партиянын талапкерлерине мандат тапшырды. Эске салсак Нарын шаардык кеңешиндеги 31 мандатка жалпы 9 партия ат салышкан.
Алар «Бийлик элге», «Ордо», «Патриот ынтымагы», «Улуу Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ыйман нуру», «Республика» саясий партиялары . Ал эми «Социал-демократтар» менен «Замандаш» саясий партиялары жеткиликтүү добуш алган эмес.
«Улуу Кыргызстан» саясий партиясы (5 мандат):
- — Нишарапов Нурбек Бакаевич — 1985-жылы туулган, кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин директору болуп 2016-жылдан 2021-жылдын мартына чейин иштеген;
- —Токтаралиев Алтынбек Ысмаилович — 1982-жылы туулган, 1999-жылдан 2015-жылга чейин жеке ишкер;
- —Күсөрмамбетова Ырыскүл Эмилбековна — 1973-жылы туулган, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүндө 1990-жылдан 2010-жылга чейин иштеген;
- —Ниязбеков Талантбек Замирбекович — 1986-жылы туулган , 2016-жылдан 2021-жылдын февралына чейин Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы болуп иштеген;
- — Асылбек уулу Эрлан — 1989-жылы туулган , ушул жылы аз гана убакыт жеке ишкер болуп иштеген.
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы (4 мандат):
- — Жумаканов Мустафа Бейшебаевич — 1981-жылы туулган, жеке ишкананын жетекчиси;
- — Эсеналиев Жылдызбек Кубанычбекович — 1988-жылы туулган , 2014-жылдан тартып Нарын шаардык олимпиадалык резервиндеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
- —Чапкынчиев Адыл Турарбекович — 1979-жылы туулган, 2019-жылдан тартып Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары;
- —Жунусова Ырыс Орокеевна — 1967-жылы туулган , 2001-жылдан тартып жеке дарыкананын башчысы.
«Ыйман нуру» саясий партиясы (4 мандат):
- —Иманкулов Адилет Кайратбекович — 1986-жылы туулган , 2010-жылдан тартып МКК «М Булак» ЖЧКсынын аймактык менеджери;
- — Абдыкеримов Чыңгыз Амантурович — 1988-жылы туулган, жумушсуз;
- —Акматова Айгүл Мукановна — 1973-жылы туулган, 2003-жылдан тартып облустук китепкананын кадр бөлүмүнүн кызматкери;
- —Исаков Талантбек Өмүрович — 1972-жылы туулган, 2017-жылдан тартып «Нарын жол-транс» ЖЧКсынын директору.
«Республика» саясий партиясы (3 мандат):
- — Алымкулова Сүйүнбүбү Качкыновна — 1978-жылы туулган, 2004-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин директору;
- — Сопакунов Уланбек Моңолдорович — 1974-жылы туулган, 2019-жылдан тартып «Чыгыш электр» ААКнын жетектөөчү инженери;
- —Бакирдинов Темирбек Жеңишбекович -1990-жылы туулган, жумушсуз.
«Ордо» саясий партиясы (5 мандат):
- — Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич — 1970-жылы туулган, жумушсуз;
- — Өмүрбай кызы Чолпон — 1976-жылы туулган, 2019-жылдан тартып Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин окутуусу;
- —Шадыманов Бек Медетбекович — 1985-жылы туулган, 2015-жылдан тартып мугалим;
- —Курманалиева Нургүл Өмүрбековна- 1987-жылы туулган , 2012-жылдан 2021-жылдын февралына чейин иштеген;
- — Сопакунов Оңолбек Моңолдорович — 1976-жылы туулган , 2017-жылдан 2021-жылдын февралына чейин Нарын шаардык муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы болгон.
«Бийлик элге» саясий партиясы (5 мандат):
- — Токтомуш уулу Канатбек — 1989-жылы туулган , жумушсуз;
- — Апсалиева Айнура Ташболотовна— 1969-жылы туулган , 2014-жылдан тартып лицей-интернаттын директору;
- — Сыдыгалиев Максат Кумарбекович — 1970-жылы туулган , жумушсуз;
- — Турдубек уулу Акылбек — 1990-жылы туулган , 2012-жылдан тартып «Таза Нарын» муниципалдык ишканасынын башкы инженери;
- — Сталбек уулу Арсланбек — 1990-жылы туулган , 2013-жылдан тартып жеке ишканада башкы инженер.
«Патриот ынтымагы» саясий партиясы (5 мандат):
- — Жунусов Майрамбек Таласбекович — 1988-жылы туулган, 2020-жылдан тартып юридикалык клиниканын директору;
- — Осмокеев Алмазбек Алымкулович — 1977-жылы туулган, 2018-жылдан тартып №9 орто мектептин директору;
- —Кудайбергенова Сарылбүбү Сурабалдыевна — 1955-жылы туулган, 2003-жылдан тартып №2 бала бакчасынын директору;
- —Токтосейитова Каухар Сурербековна — 1972-жылы туулган, 2011-жылдан тартып №18 бала бакчасынын директору;
- —Зайдинов Дастан Арыстанбекович — 1979-жылы туулган, 2020-жылдан тартып «Акнар» ЖЧКсынын директору.