7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6060 орун бөлүндү

342

Кыргызстанга 2025-жылдагы ажылык сапар үчүн 6060 орун бөлүндү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закиров Сауд Аравиянын Жидда шаарында 2025-жылга каралган ажылык иштерин уюштуруу боюнча эки тараптуу келишимди ишке ашыруу максатында иш сапарында жүрүшөт.

Анда Азамат Юсупов менен Абдулазиз Закиров Сауд Аравиянын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, ажылык сапарын уюштуруу маселелери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлуп, Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү.

343