7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат

285

Быйыл өлкөдө 20га жакын футбол объектисинин курулушу жана реконструкциясы пландалууда. Анын ичинде Баткен облусунда 3 стадион куруу каралган. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлады.

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов иш сапары менен Баткен облусуна барып, жаңы дайындалган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, аймактык футбол ассоциациясынын президенти Айбек Шаменов менен жолугушту.

Ошондой эле КФБ өкүлдөрү иш сапардын жүрүшүндө Баткен облусунда курула турган стадиондордо иштердин жүрүшү менен таанышып, Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларынын мэрлери жана курулуш иштерине тиешелүү уюмдардын адистери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Ошондой эле жергиликтүү клубдардын машыктыруучулары менен жолугушуу болду. Анда клуб өкүлдөрү жана машыктыруучулар менен 2025-жылкы футбол сезонуна болгон даярдыктар, жаңы форматтар, анын ичинде 2026-жылкы сезонго Премьер-лигага жергиликтүү клубдарын даярдоо боюнча маселелер каралды.

286