2026-жылы Бишкекте 20дан ашык социалдык объект курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Ал белгилегендей, курула турган объекттердин ичинде бала бакчалар, мектептер, спорттук мекемелер бар.
Бала бакчалар — 4 объект:
– Свердлов көчөсүндөгү бала бакчанын кошумча корпусу (Новопавловка);
– Көлмө конушундагы бала бакча;
– Тепличная көчөсүндөгү бала бакча (Маевка);
– Школьная көчөсүндөгү бала бакча (Төмөнкү Ала-Арча).
Спорттук объектилер — 6 комплекс:
– Аламүдүн МАБ аймагындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси;
– №118 орто мектептин алдындагы спорт комплекси (Фрунзе көч., 347);
– Ынтымак конушундагы спорт комплекси;
– Калыс-Ордо конушундагы спорт комплекси;
– Чыгыш айылындагы комплекс;
– «Ак илбирс» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.
Мурда башталган объектилерди ишке ашыруу улантылууда:
– мектептер — 3 объект (1 800 окуучулук орун), 2026-жылдын 31-августуна чейин аяктайт;
– «Жаш техниктер станциясы» имараты (Толстой көч., 144) — 2026-жылдын 31-декабрына чейин;
– 3 мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу жана кеңейтүү (460 орун);
– 4 бала бакчаны капиталдык оңдоо;
– Токтоналиев көч., 62 дарегиндеги спорт комплекси — 2026-жылдын январь айында пайдаланууга берүү;
– Маевка айылындагы спорт комплекси (күрөш залы) — 2026-жылдын 31-мартына чейин курулат.
Маалымдалгандай, курулуш объектилеринин титулдук тизмеси бекитилгенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн социалдык объектилердин тизмеси, көлөмдөрү жана ишке ашыруу мөөнөттөрү өзгөрүшү мүмкүн.



