Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда облусту өнүктүрүү маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону жогорку деңгээлде өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго көмөк көрсөтүү, ошондой эле облустун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүшүнүн башка маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.