7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

236

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди, ошондой эле калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт.

Кыргызстан Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө  жана  алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу конвенцияга жана биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына карата биокоопсуздук боюнча Картахен протоколуна кошулган.

Мыйзамдын негизги милдеттери болуп калктын саламаттыгын жана айлана-чɵйрɵнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу; калктын саламаттыгы жана айлана-чɵйрɵ жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны ɵнүктүрүү жана пайдалануу; биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу саналат.

237