7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл кыргыз футболунун түптөлүшүнө 100 жыл болот

353

Кыргыз улуттук футболу үчүн 2021-жыл өзгөчө жылдардын бири. Себеби, быйыл биздин мамлекетте спорттук футбол оюнунун түптөлүшүнө туура жүз жыл болот.


1921-жылы 21-мартта Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) шаардык команда менен Верный (азыркы Алматы) шаарынын футболчуларынын ортосунда жолдоштук беттеш болуп өткөн.


Беттеш 3:1 эсеби менен казак командасынын пайдасына чечилген. Бирок кеп жеңилүүдө эмес, кыргыз футболунун даңазалуу тарыхы дал ушул күндөн башталган. Тилекке каршы, голдордун авторлору, тарыхый биринчи беттештин катышуучуларынын аттарын дагы тарых беттеринде сактала элек. Кантсе да өлкөдө футбол сүйүүчүлөрдүн саны көбөйүп бара жатканы кубандырат. Ошондой эле, ар бир айылда футбол аянтчасы салынып, жаштар спорт менен алектенишүүдө.


Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргыз футбол бирлигинин жана ассоциациялардын колдоосу астында өткөрүлө турган бардык мелдештер жана иш-чаралар кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

354