7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот». Жапаров элге кайрылуу жасады

296

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элге кайрылуу жасап, электр энергиясын эмне себептен үнөмдөө керектигин айтып, жарандарды сабырдуулукка чакырды.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Мен сиздерге төмөндөгү себептерден улам кайрылууну туура көрдүм. Албетте, сындагандар дароо эле четтен чыгат. Мен аларды туура эле түшүнөм. Анткени алар да – биздин жарандар, биздин замандаштар, биздин эл. Сындаганга акыңар бар. Сынга чыдап келгем, дагы да чыдай берем. Анда кеп башынан болсун. 2005-жылы Акаевди кубалап, Бакиевди алып келдик. “Бардык тепкичтерди басып өткөн кадр, жакшы иштеп берет” деп ишендик дагы, президент кылдык. Мен өзүм финансы министри болдум, кийин экономика министри болуп дайындалдым. Ушул убактарда ар кайсы булактардан акча топтоп, “Камбар-Ата-2 ГЭСин куралы”,- деп, Бакиевге сунуш киргиздим. Ошентип, Камбар-Ата-2 ГЭСи башталды. “Быссымылда” деп курулуш иштери башталганда, өзүм барып, «Ваше превосходительство» деп уруксат алып, курулуш боюнча жардыруу кнопкасын өзүм баскамын. Аны да азыркыга чейин мени шылдың кылып, күлүп жүрөсүңөр. Ага деле терикпейм. Мен ошол жылдары аткаруу бийлигине аралаша баштап (ага чейин депутат гана болгом), электр тармагыбыз кризиске батып бара жатканын дароо эле көрдүм. Өзүбүз суу башында туруп, кыштын күнү электр энергияны башка өлкөлөрдөн импорттоп келип жатыппыз. Болгондо дагы, накталай акчага сатып алып жүрүппүз. Ошол үчүн мен ГЭСтерди токтоосуз куралы деген сунушумду киргизип, Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты курулуп калган. Союз чачыраган мезгилден кийинки курулган көзгө басар жалгыз ГЭС ушул болду.
2020-жылга чейин мындан башка бир дагы ГЭС курулган жок. Ал эми бүгүнкү күндө мамлекеттин, элдин электр энергияны колдонуу талабы эки эсеге өстү. А биз болсо дагы деле СССР куруп берип кеткен ГЭСтер менен олтурабыз»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

297