7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл ШКУга мүчө өлкөлөрдүн арасында “Жаш окумуштуулардын эл аралык лагери” өтөт

120

16-январда Жаш окумуштуулардын эл аралык лагерине даярдык көрүү боюнча жумушчу топ Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Белгилүү болгондой, эл аралык лагерь Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгы алдындагы иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт. КР Агартуу министрлиги лагерди 2026-жылдын июль айында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын арасында өткөрүүнү мерчемдөөдө.

Жаш окумуштуулардын эл аралык лагерин өткөрүү жаштардын илимий дараметин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ШКУ мейкиндигиндеги илим жана билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбалар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калат.

121