7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Ысык-Көл облусуна электромобиль кубаттоочу 10 станция орнотулуп, ишке берилет

1

«Чакан ГЭС» ААК Ысык-Көл облусуна электромобиль кубаттоочу 10 станция орнотот. Бул тууралуу Энергертика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жер тилкелерин ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда.

Аталган 10 заряддоо станция төмөнкү аймактарга орнотулат:

  • Балыкчы шаары — 2 жер тилкеси;
  • Бөкөнбаев айылы — 1 жер тилкеси;
  • Кызыл-Суу айылы — 1 жер тилкеси;
  • Каракол шаары — 2 жер тилкеси;
  • Түп айылы — 2 жер тилкеси;
  • Чолпон-Ата шаары — 2 жер тилкеси.

Зарыл документтер бүткөн соң курулуш-монтаждоо иштери башталат. Заряддоо станцияларды быйылкы жылы ишке берүү пландалууда.

Долбоор экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө, аймактын туристтик жана транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле электромобил ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

2