Былтыр 212 ала качуу фактысы катталып, 11и сотко өткөн. Ал эми быйыл ала качуулардын саны 64кө жетти. Бул көрсөткүчтү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы Кылмыштардын жара жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча сотко чейинки 212 өндүрүш иши катталып, анын ичинен 11 иш сотко жөнөтүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин негизинде 185 иш жана ички иштер органдарынын өндүрүшүндө 16 иш токтотулган.
«2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси боюнча 64 сотко чейинки өндүрүш иши катталып, анын ичинен 2 иш сотко жөнөтүлүп, 52 иш токтотулуп, 10 иш укук коргоо органдары тарабынан каралууда», — деп берилет маалыматта.