Түп районундагы Маяк айылында изделип жаткан 64 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал 10-апрель күнү саат 17:30 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Бүгүн, 13-апрелде издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМнин Каракол шаардык №15 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 суучул, 2 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 4 адам жана №87366 аскер бөлүгүнөн 10 суучул тартылды. Аталган кишинин жансыз денеси саат 10:40та суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.