7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Былтыр 4-октябрда шайлоого катышкан партиялардын акчалары кайтарылды

1379

2020-жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан партиялардын шайлоо күрөсү, башкача айтканда 16 партияга 80 млн сом толугу менен кайтарылып берилди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык мыйзамга тиешелүү өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылып берилди.

Белгилей кетсек, «Президент жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга «шайлоо жараксыз деп таанылган учурда президенттикке талапкерлерге, партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылат» деген өзгөртүү киргизилип, ага президент кол койгон.

«Шайлоо күрөөсү жөнүндө» мыйзам долбоорун депутат Улукбек Ормонов иштеп чыккан.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 16 партия катышкан: «Реформа», «Ата Мекен», «Биримдик», «Мекенчил», «Бир Бол», «Республика», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Чоң Казат», «Социал-Демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» партиялары. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар көп болуп, ал төңкөрүшкө алып келгендиктен БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таанып, жокко чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1380