7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Былтыркы жылы «Кумтөр» 32 млрд сом салык төккөн

438

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, президенттик администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

«Kумтөр Голд Компани» ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 кг алтын өндүрүп, анын 17 тонна 284 кг сатуу менен 986 млн 511 миң доллар киреше тапкан.

Ишкана ошондой эле, өткөн жылы мамлекетке 32 млрд сомдон ашуун салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирди. Жыйындын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше элдин муктаждыгы үчүн түзүлгөн социалдык долбоорлорго жумшалышы жана бардык отчеттордун даректүүлүгү болушу керектигин белгиледи. 

“Кумтөр мамлекетке өткөнгө чейин отчеттор ар кандай айтылып келген. Кен мамлекеттин карамагында болгондон кийин отчеттор так болушу керек. Бул үчүн Директорлор кеңеши дагы көзөмөлдү баштан аяк катуу койгула”, — деди ал. 

“Kумтөр Голд Компани” ЖАКсы быйыл 14 тоннадан ашуун алтын өндүрүү планын койгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

439