7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулдагы тарыхы терең принц аралдарына саякат

654

Стамбулдун жака белинде жайгашкан Принц аралдары, калкыган деңиз кооздугу жана Стамбулдун жылуу, жаркыраган атмосферасын көрүүнү каалагандар үчүн ажайып жер болуп саналат. Кээде адам күнүмдүк ызы-чуудан качып, тынч, таза жерде табият менен жалгыз калгысы келет эмеспи. Принц аралдары дал ушундай тынч, дем алуу күндөрү сейилдей турган, баса турган, мээ сергите турган кооз дестинациялардын бири десек болот.

Принц аралдары көз жеткис көк мелжиген деңизи, мелүүн абасы, жашыл килем жамынган жанга жагымдуу табияты, бир бурчунда Түркиянын белгилүү жазуучуларынын тарыхы жаткан бейиш жер. Кыдырууга, бир көрүп зыярат кылып кетүүгө арзыйтурган дестинация. Принц аралдары Бүйүкада, Хейбелиада, Кыналыада, Бургазада, Седеф аралы, Яссыада, Сивриада, Кашык аралы жана Тавшан сыяктуу тогуз аралдан турат. Стамбулдун Европа жана Азия тарабынан Бүйүкада, Хейбелиада, Кыналыада, Бургазада жана Седеф аралына оңой эле барууга болот. Принц аралдарындагы көчөлөр трафикке жабык болгондуктан, ал жакка бир да унаа киргизилбейт. Бул да аралды өзгөчөлөнтүп турган башкы факторлордун бири болуп саналат.

СТАМБУЛГА БАЙЛАНГАН ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ АРАЛДАР


Имиш, уламыштарга караганда, бул аралга Чыгыш Рим империясынын тушунда княздар, принс жана принцессалар сүргүнгө айдалган. Ошондуктан бул жер “Принц аралдары” деп аталып калган. Аталган аралдар кылымдар бою дин кызматкерлери үчүн эрмитаж жана монархтарга болсо жайкы эс алуу жайы катары кызмат кылып келген. Аралдарда атактуу түрк жазуучулары жана белгилүү дүйнөлүк саясий лидерлер да жашап өткөн. Принц аралдары Стамбул тургундары үчүн жаз жана жай бою бейишке айланган. Тарыхый сарайлардын жайкы үйлөргө айланышы менен Принц аралдары деңизге түшөтурган, салкындап, сейилдеп, велосипед тээп, жөө жүрүп, балыкчылар менен баарлашканча эс алатурган дестинацияга айланды.

Принц аралдарында төрт мезгил тең бар. Бирок жаз жана жай айларынан баарына башкача кооз болот. Айрыкча жаз айларында күн уясынан көтөрүлүп, деңиз сууларына чагылып, аралдар кадимкидей жанданат. Гүлдөр жыпар жыттанып, дарактар бүчүр байлап, топурак жана деңиздин жагымдуу жыты зыяратчыларды өзүнө тартып турат. Эгерде сиз жаз же жайдын жылуу күндөрүндө дос-тууган, жоро-жолдош же сүйүктүүңүз менен бул аралдарга келсеңиз, балык сезонуна туш келесиз. Ресторандарына баш багып калсаңыз, балыктын түрүн табасыз. Ошондой эле табитти ачатурган түрк ашканасынын түрдүү салаттарынан даам татып, түрк ракысы жана жергиликтүүлөр жасаган шараптарынан ооз тийип, кечти көңүлдүү өткөрүп кете аласыз.

ПРИНЦ АРАЛДАРЫНЫН ЭҢ ЧОҢУ
Бүйүкада принц аралдарынын эң чоңу болуп саналат. Бүйүкада түрк тилинен которгондо «Чоң арал» дегенди түшүндүрөт. Жаз, жай айларында бул аралга келген туристтер бугенвилла, лаванда жана мимоза гүлдөрү менен капталган арал көчөлөрүндө сейилдөөдөн, аралды велосипед менен кыдыруу жана аралдын токойлорунда пикниктерден ырахат алышат. Конокторду паромдун жанында жайгашкан атактуу саат мунарасы тосуп алат. Ая Йорги монастыры жана Йүче Тепе аралдын сөзсүз бир барып көрөтурган жерлери болуп саналат. Элүү мүнөттөй жөө бассаңыз сизди Йуже Тепе тосуп алат. Бүйүкаданын өзгөчө тарыхы жана руханий чөйрөсүн сезе ала турган курулуштардын бири — бул Айя Йорги монастыры. Православдардын чиркөөсү бүгүнкү күндө да кадимкидей иштеп, өз миссиясын аткарып келет. Жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген коноктор азыр да чиркөөгө кирип сыйынып турушат.

ТАРЫХ ЖАШАГАН ХЕЙБЕЛИАДА АРАЛЫ
Хейбелида түрк тилинен которгон “Ээр баштык” дегенди түшүндүрөт. Хейбелиада аралы Принц аралдарынын экинчи чоң аралы болуп саналат. Хейбелиада Бүйүкада сыяктуу көптөгөн тарыхый курулуштарга бай. Ая Йорги Клифф монастыры, Бет Яков синагогасы жана Айя Никола чиркөөсү аралдын тарыхына кызыккандар үчүн маанилүү локация десек болот. Аралдагы дин кызматкерлерин даярдоо үчүн ачылган семинария мектеби сөзсүз бир барып, көрөтурган жер. Бүгүнкү күндө аралдагы бул мектепте маанилүү фестивалдар жана иш-чаралар өткөрүлүп турат. Аралдын табиятын изилдөө үчүн Дегирменбурну жаратылыш паркына велосипед менен же жөө барсаңыз болот.

АКЫН САИТ ФАИКТИН АЖАЙЫП ХРАМЫ
Принц аралдарынын үчүнчү чоң аралы — бул Бургазада. Бир нече тарыхый курулуштары, өзгөчө пляждары, жанга жагымдуу абасы, кооз жаратылышы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Аралдагы Айя Йорги Гариби монастыры, Айя Яни чиркөөсү жана Саит Фаик музейи сөзсүз бир кыдырып, көрөтурган жерлердин катарына кирет. Саит Фаик музейи белгилүү түрк акыны жана жомокчу Саит Фаик Абасянктын мурунку үйүндө жайгашкан. Ал мурун Бургазада болгон. Бул аралга келип калсаңыз Калпазанкаяда сейилдеп, Бургаз аралынын табигый кооздугуна күбө болуу үчүн аралдагы жалгыз дөңсөө Байрак дөбөсүнө чыгып, укмуштуудай сүрөттөрдү тарта аласыз.

КЫЗАРГАН БИР КЫЗЫЛ АРАЛ
Кызыл арал Стамбулга эң жакын жайгашкан. Тынч жерге, тез жетүү үчүн эң ыңгайлуу дестинация десек болот. Бул кичинекей, кооз аралды кыдырып чыгуу да оңой. Аралда ар кандай маданияттын өкүлдөрү жашайт. Христос монастыры жана Сурп Крикор Лусаворич чиркөөсү Кыналыададагы эки эски түзүлүш болуп саналат. Таштан жасалган оюулары менен чиркөө башкалардан өзгөчөлөнүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655