7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 19-жолу өтүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы» аяктады

423
Кечээ, 25-апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” аяктады. Кыргызстанда аталган майрам быйыл 19-жолу белгиленип, ага Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан республикаларынын өкүлдөрү катышты.

Жумалык маданий жана илимий бөлүктөрдөн туруп, аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана КРнын эл артисти Роза Аманова жетектеген “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Ош шаарындагы Султан Ибримов атындагы Ош улуттук драма театрында “Салттуу музыка күнүнө” карата гала-концерт жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө- жарманкеси менен жыйынтыкталды.
Гала-концертте Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын вице- мери Нурбек Кадыров катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, “Салттуу музыка жумалыгынын” уюштуруучуларына жана калыстар тобунун курамына “Ыраазычылык каттарды”, “Ардак грамоталарды” тапшырышты.
Жумалыктын алкагында Ош шаарында өткөн концерттик иш-чараларда көрүүчүлөргө өнөр тартуулаган өнөр адамдарына жана Казакстан, Каракалпакстандан келген конокторго Министрликтин «Ыраазычылык каттары», “Ардак грамоталары” тапшырылса, Бишкектен барган “Салттуу музыка жумалыгынын» калыстар тобунун курамындагы бир катар маданият ишмерлерине облустук администрациянын «Ыраазычылык каттары», Ардак грамоталары» ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

424