Нарында жасалма кир жуучу каражаттарды сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ШИИБден билдиришти.
Милицияга Нарын шаарынын 51 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда, өзүн Казакстандан келдик деп тааныштырган эки адам, арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен «Тайд», » Ариел» жана «Персил» үлгүсүндөгү айналардын пакетине белгисиз порошокту салып сатып жиберишкендигин билдирген. Мындан тышкары Нарын шаарында жайгашкан 4 соода-сатык түйүнүнүн ээлери ушундай эле билдирүү менен кайрылышкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын эки жараны кармалып, 2 айга Нарын шаарында жайгашкан №24 мекемесине камакка алынган. Шектүүлөр киреше табуу үчүн кир жуучу каражаттардын ичтерин туз менен толуктап жана сырттарын чаптап алышып, дүкөндөргө кир жуучу каражат деп алдоо жолу менен сатып жибергендиги аныкталган.
Учурда тергөө уланууда.