Түркиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,34 пайызын, ал эми анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45 пайыз алган. Бул тууралуу TRT Haber агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Шайлоо аяктагандан соң Эрдоган Анкарада шайлоочулар менен жолуккан.
Эске салсак, Түркияда кечээ президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп «Элдик альянстан» Кемаль Кылычдароглу чыккан. Ал эми, үчүнчү талапкер — Ata альянсынан Синан Оган, төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 19-майда расмий басылмага жарыяланарын, ал эми алдын ала жыйынтык түндө чыгаары маалым болгон.
Эгерде талапкерлердин бири добуштардын 50 пайызын ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда болот.