7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган салыкчылар кармалды

433

Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстандын аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүү жана сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы жеке баюу максатында, узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу айрым ишкердик субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшүшкөн. 

Өлкөнүн түндүк облустарынан түштүк облустарына товарлардын ички өтүү шылтоосу менен жеке фирмалар салык органдарында эсепке алынбаган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенишкен. Ошол эле учурда аларга Мамлекеттик салык кызматынын «Сосновка» жана «Каракөл» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик салык кызматынын аталган кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон акча каражатын алып турушканы аныкталган.

Ошондой эле, мамлекеттик салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыктын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы жана Чүй облусунун мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыктын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору жасалма жөнөтүү документтерин жасашып, атап айтканда, жасалма электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат көрсөткөндөрү үчүн мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар биринен 5 миң сомдон алганы аныкталган.

Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434