7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Centerra Goldдун» 3 директорлор кеңешинин бири кызматтан кетти

1147

Тениз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кетти. Бул тууралуу ал “Кумтөр” кени боюнча мамлекеттик комиссиясынын отчету каралып жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, директорлор кеңешинин мүчөсү катары компаниянын жетекчилигине кендин ишинин коркунучтуулугу тууралуу бир нече жолу айткан. Бирок Бөлтүрүк белгилегендей, аны эч ким уккан эмес.

“Менин юридикалык чектөөлөрүмө ылайык, андан ашык айта алган эмесмин, бирок өзгөрүү болгон жок. Эскерте кетүүчү жагдай Кыргызстанда директорлор кеңешинин үч гана мүчөсү бар. Мен бүгүн эртең менен Centerra Gold Inc компаниясына акыркы окуяларга байланыштуу директорлор кеңешинин курамынан чыгуу боюнча билдирүү жөнөттүм», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1148