7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Момбеков: Кумтөрдү улутташтыралы же кысчуу жерди кысалы, 5 млрд беришине ишенбейм

3714

Жогорку Кеңештин депутаты, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков комиссиянын корутундусуна каршы добуш берди.  Ал трубунада 15 мүнөт атайын убакыт алып, комиссия ача чапкан корутундуларды чыгарганын, ошондуктан каршы болгонун айтып берди.

«Элдин башын айлантып маалыматты бурмалабай ачыгын айталы, эң негизги 2 эле келишим болгон. 2003-жылы кабыл алынган инвестициялык келишим жана 2009-жылы кабыл алынган Конституциялык чечим. Бул токтом менен учурдагы бийлике чейинки баардык мамлекеттик жетекчилерди чыккынчы деп атап салдык.  Президенттердин баары чыккынчы болсо, аларга кызмат кылгандар ушул жерде олтурат.

Эң негизги чыккынчылар 2009-жылы Өкмөттө жана Жогорку Кеңеште иштегендер деп айта алам! Биз ошондо негизги келишимди конституциялык соттун чечими менен кабыл алып бергенбиз. 

Кечеки Октябрь райондук сотунун чечими, октябрь революциясынын чечиминдей эле, аны эл аралык арбитраждык сот керек болсо кабыл албайт. 

5 млрд долларга жакын акчага доо коюп жатабыз, бирок аны Кумтөрдөн өндүрө алаарыбызга ишене албайм. Менин пикиримде бул жомок. Кече Центерра арбитраждык сотко берди. Элди ишендирип убара кылбай, улутташтырып салалы же кысчуу жерибизди кысалы! Башка сөз жок«- дейт Момбеков.

Ал ошону менен бирге, 2009-жылдан кийинки келишимдерди эске алуу саясат дейт. Мындан улам зал ичинде, Момбековду ачык эле кимдир бирөөнү коргоп жатасыз деген кинелер айтылды.

Эске салсак, Кумтөр боюнча атайын комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин «Кумтөр шайлоого таасирин тийгизип, 2011-жылы Атамбаевге 10 млн доллар которгон» -деп айтып чыккан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3715