«Эми ушинтип ар кимибиз 15 мүнөттөн чыгып мурунку президенттериңерди коргоп, адвокат боло берсеңер бүгүн деле чечим кабыл алынбай калат», — дейт депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 17-майда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында. Анда Кумтөрдүн комиссиясынын отчеттук маалыматы уктурулууда.
Атазов кесиптеши Рыскелди Момбековдун: «Мурунку президенттердин баарын чыккынчы деп атап салдык. Эгер алар чыккынчы болсо, аларга кызмат кылгандардын баардыгы ушул жерде отурат. Негизги чечимдер 2003-2009-жылдары кабыл алынган», — деген пикирине жооп кайтарган.
«Урматтуу төрага бүгүн КРде тарыхый чечим кабыл ала турган күн, биздин кен байлыктарды талкалап, кыргыз элинин ырыскысын саткан чыккынчыларга баа бере турган күн. Андан көрө ушул жердеги депутаттар бардыгыбыз доклад кылгандарга суроо-жооп кылбайлыбы? Эми ушинтип ар кимибиз 15 мүнөттөн чыгып мурунку президенттериңерди коргоп, адвокат боло берсеңер бүгүн деле чечим кабыл алынбай калат. Сурооо-жооп кылалы. Эми көрдүк го канча комиссиялар болду, кыргыз эли бүгүн кимдин ким экенин карап отурат. Чыккынчы болсо чыккынчы да, андан эмне уяласыңар», — дейт Атазов.