7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Centerra «Кыргызалтын» менен Кыргыз Өкмөтүн кайрадан эл аралык сотко берди

731

Канадынан  «Centerra Gold Inc» компаниясы эл аралык арбитраждык сотко дагы бир жолу кайрылып, иск арызын калтырды. Бул ирет «Кыргызалтын» ЖЧКсын жана Кыргыз Өкмөтүн «Мыйзамсыз  сырттан башкаруу киргизүү менен компанияны чоң чыгымга учуратты», — деп айыптоодо.

Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланды.

«Кыргызалтын» Өкмөт менен тил табышып, убактылуу тышкы башкаруунун атын жамынып, кенди көзөмөлгө алууну чечти жана министрлер кабинетинин көрсөтмөсү боюнча иш алып барууну улантууда«, — деп жазылат билдирүүдө.

Деген менен «Кыргызалтындан» 100% акциясы Өкмөткө тиешелүү экендиги эч кимге сыр эмес.

Эске салсак, «Centerra Gold Inc.» компаниясы буга чейин, 16-майда да эл аралык сотко арыз менен кайрылган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732