7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч ай тамак-ашы жок океанда ити менен калып калган адам куткарылды

945

Австралиялык яхтачы Тим Шэддок ити менен Тынч океанда үч ай тамак-ашы, суусу жок жашап, аман калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Шэддок ити менен катамаранга түшүп Мексикадан Франциянын Полинезиясына багыт алган. Толкунга кабылган жаран байланыш каражаттарынан, камдап алган азыктарынан кол жууп, андан соң Тынч океандын мейкиндигине чыгып калган. Ал ити менен чийки балык жеп, жаандын суусун ичип күн кечирген.

Океанда калкып жүргөн «чекитти» балык уулаган траулердин экипажы кокусунан байкап калган. Аралык өтө алыс болгондуктан чекиттей көрүнүп, андан соң жакындап келгенде тирүү жан экендиктерин көрүшкөн. Ал суднолор каттаган маршруттан бир топ алыс аймак болгон.

Профессордун айтымында, Шэддоктун аман калышынын себеби, ити менен болушу да таасир эткен.

«Шэддок азганактай суу менен тропикалык климатта күн нурунан алыс болуп, көп тердебегенге аракет кылуу керектигин билген. Анын үстүнө өтө катаал эмес сезонго туш келип калганы анын бактысы болгон. Иттин жанында жүрүшү да жакшы жардам берген. Жанындагы жандыктын жана өзүнүн өмүрү үчүн жоопкерчилик сезим аны кадимкидей чыйралтып турган», — деген Типтон.

Учурда аман калган Шэддок менен анын ити Белла экөөнүн өмүрүн сактап калган траулердин бортуна жайгашып, Мексика жээгине сапар алган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

946