7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч алтын! Таяк тартыш боюнча кыргызстандык балбандар 6 медаль жеңди

1038

Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча курама команда алты медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, таяк тартыш ( мас-рестлингиг) боюнча курама команда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгени багындырды.

70 кг салмакта Азамат Асанов, 110 кг салмакта Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 кг салмак даражада Дилбара Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту.

Ошондой эле 75 кг жогорку салмактагылар арасында Назия Майлибашева күмүш медалдын, ал эми Бакдөөлөт Абылов, Улукбек Ырыспаев коло байгенин ээлери болушту.

Белгилей кетсек, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы алтын медалдар.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1039