7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч эмди төрөтканадан чыгарууга балбан кыз Айсулуу Тыныбекова барды

2074

Бишкекте төрөлгөн үч эмди төрөтканадан чыгаруу үчүн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова барды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда төрөтканадан 3 эм чыгарылган.

«Үч эм наристелерибизге чемпион болгон кыздарыбыздын ысымын ыйгардык. Айсулуу, Айпери жана Мээримдикин уйкаш болсун деп Ай-Мээрим деп койдук. Наристелеримди 5-октябрь күнү Дүйнө чемпиондугу башталганда жарык дүйнөгө алып келдим. Салмактары 1 килограмм 800 грамм, 2 килограмм 160 грамм жана 2 килограмм 170 грамм», — деп билдирген үч эмдин апасы.

Эскерте кетсек, 5-октябрда үч эм жарык дүйнөгө келген. Аларга балбан кыздар Айсулуу Тыныбекованын, Айпери Медет кызынын жана Мээрим Жуманазарованын ысымы коюлган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2075