7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй каналына түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

422

10-июндан бери изделип жаткан 23 жаштагы Миргүл Мидинованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБ билдирди.

Милицияга 18-20 жаштардагы кыздын Чоң Чүй каналына секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Алгач кыздын жеке буюмдары табылган. Андан соң, кыздын сөөгүн Биринчи май районунун аймагынан табышкан.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, буюмдары ата-энесине өткөрүлүп берилди.

423