7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунда онкологиялык ооруларга акысыз текшерүүлөр жүрөт

423

25-январдан 27-январга чейин Чүй облусунун айрым медициналык мекемелеринде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.

Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, Энергетиктер шаарчасы, Зеленая көчөсү, 1 дарегине (стоматология имараты, №1, 2, 3 кабинеттери) саат 12:00дөн 16:00гө чейин кайрылса болот.

Аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

424