7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунун Жайыл районунда 14 жашар баласынын өлүмүнө шектелип энеси кармалды

450

  Чүй облусунун Жайыл районунда 14 жашар баласынын өлүмүнө шектелип энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

 Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 20:25 чамасында Жайыл РИИБинин «Тез жардам» кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка       айылындагы үйлөрдүн биринен 14 жаштагы баланын жансыз денеси, киши колдуу болуп табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жайыл РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп 14 жаштагы баланын мойнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганы белгилүү болгон.

«Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «адам өлтүрүү» менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары баланын энесин кармашкан. Ал 36 жаштагы Т.В. аттуу аял. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда», деп билдирет басма сөз кызматынан.

 

 

Булак:Super.kg

451