7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров  кыргыз элин Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

388

 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта кыргыз элин Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалымат кызматы өлкө башчынын куттуктоосун жарыялады.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат. Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен. Ошентип тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, даңазаланышына желбиреген кызыл туубуз айныгыс далил болуп берет.

Бүгүнкү күндө кызыл туубузга мамиле улам тереӊдеп, ага урмат-сый артып барат. Ар бир Кыргыз жарандын, айрыкча, жаштардын Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарууда.

Мына бүгүн дагы ата-бабаларыбыздын салтын улай, өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албан-албан ийгиликтерди жараталы.

Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган күн нурлары эч качан өчпөсүн, ал эми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн. Улуттун улуу максатын, кечээгиси менен келечегин чагылдырып турган аталарыбыздын табериги — кызыл туубуз түбөлүк желбиреп турсун!».

389