7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 12 окуучу таттуудан ууланды

466

Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттуудан ууланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан кабарлады.

Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылган.

«Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда балдардын абалы туруктуу»,— деп берилет билдирүүдө.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 27-ноябрда саат 11:00дөр чамасында 7-класстын окуучусу А.А. Искра айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдан «BEN 10» фирмасынын таттууларын жана суусундук таап, аларды мектепке алып келип, классташтарына да берген. Мындан улам окуучулар ууланган.

Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.

467