Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бактыяр Калпаев Бишкектеги айдоочулардын көйгөйүнө айланган газ меселесин көтөрдү.
«Экологияны сактайбыз деп унаалардын көбүн газга өткөрдүк эле. Азыр Бишкек боюнча газ жок болуп жатат. Ушуну тартипке салып берсек. Анткени, 10 миңдеген унаа газ менен жүрөт. Жыл башынан бери газдын баасы 7 сомго кымбаттаптыр. Баасы кымбат болсо да, газ жок болуп жатат. Айдоочулар газ жок унаасын жолго, май куюучу жерге токтотуп коюп кетип жатат»,- деди депутат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram