Дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Хорунжий Карина Алексеева изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,22-сентябрда Новопокровка айылынын Набережная көчөсүндө жашаган Карина үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 172 см, арыкчырай, чачы узун. Кийген кийимдери: кара түстөгү куртка, кара свитер,кара шым, кара кроссовка.
Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, дайынсыз жоголгон жарандын жашаган жерин аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
“Урматтуу жарандар! 2006-жылы туулган Хорунжий Карина Алексеевнанын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо 0312 61 69 07 (нөөмөт бөлүмү), издөө тобу 0708-45-78-46, 0505-768-876 телефондору аркылуу кабарлап коюңуздарды өтүнөбүз”,-деп берилет маалыматта.